Жогорку Кеңеште "Газпром" менен келишимди кайра карап чыгуу айтылды

Бүгүн, 9-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алайбек Алымбаев газ маселесине токтолду.

Депутат Алайбек Алымбаевдин айтымында, "Газпром" компаниясы менен көгүлтүр отун боюнча түзүлгөн алгачкы келишим доллар акча бирдиги менен түзүлүп калган.

"Андыктан аталган валютанын наркы жогорулаган сайын газдын баасы өсүп, калкка кыйынчылык туудурууда. Буга байланыштуу келишимди кайрадан карап чыгуу шарт", – дейт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД