Борбор калаанын милициясы айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Шаардык милициянын участкалык уполномоченныйлары коомдук транспорттордун айдоочуларына профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Ленин районунун аймагында, Ленин РИИБдин милициянын участкалык уполномоченныйлары тарабынан чөнтөк уурулуктун алдын алуу максатында коомдук транспорттордун айдоочуларына жана жүргүнчүлөрүнө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Иш-чаранын алкагында милиция кызматкерлери жүргүнчүлөрдү коомдук транспорттордо жүргөндө баалуу буюмдарына сак болууга чакырат.

Бишкек шаарынын Ленин РИИБы, эгерде айдоочулар жана жүргүнчүлөр кандайдыр бир кылмыштарга күбө болуп калсаңыздар, тез аранын ичинде токтоосуз "102" кызматына- милицияга чалып кабарлооңузду эскертет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД