Ош шаарында милиция жарандар менен жолугушууларды өткөрүүдө

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги Ош шаарынын аймагында жергиликтүү эл менен жолугушууларын өткөрө башташты. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, алгачкы ушундай жолугушуу Ош шаарынын Туран кичи шаарчасында болуп өттү. Жолугушууга Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары милициянын полковниги Бакыт Исраилов, Сулайман Тоо милиция бөлүмүнүн башчысы Азиз Ташполотов, милициянын кайгуул кызматынын начальниги Альберт Абдикеримов Туран муниципиалдык аймактык башкармалыгынын башчысы Венера Паизова жана аймакты тейлеген милициянын өкүлдөрү катышты.

Милиция кызматкерлери адегенде аймакта катталган кылмыштар боюнча жалпы маалымат беришти. Башкармалыктын башчысынын орун басары Бакыт Исраилов келген жарандарга жолугушууну диалог иретинде өткөрүп, болгон көйгөйлүү маселелерди суроо-жооп иретинде өткөрүүнү сунуштады.

Туран аймагынын жашоочулары бул жолугушууда бир нече маселелерди көтөрүп чыгышып, аны чечүүнүн жолдорун дагы ортого салып жатышты. Баалуу сунуштарын айтышты. Жолугушууда маалым болгондой, аймактын жашоочулары тарабынан жол маселелери, жол белгилери, коомдук транспорттун үзгүлтүккө учурап катташы, үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу, коомдук транспорттогу чөнтөкчүлөргө каршы аракеттерди күчөтүү, негизсиз ушактардын алдын алуу, сырттан келген чоочун адамдарга көӊүл бурууда биргелешип аракет жасоо тууралуу маселелер көтөрүлдү.

Жашоочулардан оозеки жана кат түрүндө келип түшкөн суроолорго жооптор берилип, милицияга таандык маселелер болсо-тез арада чечиле тургандыгын убадалашты. Ал эми, башка тармактарга тиешелүү суроолорду тийиштүү мекеме-ишканаларга тапшыра тургандыктарын эскертишти.

Жолугушууга келген эл тарабынан милициянын дарегине карата кандайдыр-бир нааразычылыктар айтылган жок. Тескерисинче милициянын акыркы жылдары эл менен тыгыз мамиледе болуп, иштешип жатышканына ыраазычылыктар айтылып, коомдук коопсуздукту сактоодо биргелишип иштөө боюнча чакырыктар жасалды.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан ушундай жолугушуулар шаардык бардык аймактарында өтмөкчү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД