Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров абактан бошотулду

Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду абактан бошотту. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, сот УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырган.

Эске салсак, 8-декабрдагы парламент жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Ш.Жээнбековду, Т.З.Зулпукаровду кылмыш-жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушевдин сунуштамасын карап, аталган депутаттарды мыйзам талаптарына ылайык камактан токтоосуз бошотууну сунуштаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД