Жогорку сотунун төрайымы аймактардан келген лидер аялдар менен жолукту

Бүгүн, 2021-жылдын 9-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургуль Бакирова GovorTV мультимедиялык маалымат агенттигинин "Кыйын" долбоорунун алкагында уюштурулган иш-чарага мейман катары катышты. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Нургуль Бакирова өз сөзүндө аялдардын коомдогу орду жана ролу чоң экендигин, аял үйдүн да, мамлекеттин да куту экендигин белгиледи.

"Бүгүнкү күндө ийгиликтүү айымдарды саясатта гана эмес, бардык чөйрөлөрдө көрүүгө болот. Менимче, аял заты назиктиги, сезимталдыгы, жоопкерчиликтүүлүгү менен айырмаланат. Иштин бардык чөйрөлөрүндө лидер аялдардын болушу коомдун жана экономиканын тармактарынын гармониялуу өнүгүшүнө шарт түзөт. Анткени кыргыз аялынын бүгүнкү образы билим алууда, каражат табууда жана нарк-насилди сактоодо күчтүүлүгүн көрсөтүүдө", - деп белгиледи төрайым.

Нургуль Бакирова бул долбоордун жакшы жактарын белгилеп, лидер аялдардын саясатта жана коомдо алдыга жылышын колдоого кошкон салымы үчүн уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде иш чаранын уюштуруучулары, "GovoryTV" мультимедиялык маалымат агенттигинин негиздөөчүсү Орозбай кызы Кайыргүл жана гендердик эксперт Римма Султановалар аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн алдыга жылдырууга умтулгандыгы үчүн Жогорку соттун төрайымы Нургуль Бакировага ыраазычылык айтышты.

Аталган долбоордун катышуучуларынын арасында мугалимдер, жергиликтүү кеңештин депутаттары, ар кандай мамлекеттик түзүмдөрдүн кызматкерлери жана чакан бизнестин өкүлдөрү болгонун белгилейбиз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД