
Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин милиция кызматкерлери "Тамеки чегүү" аталышындагы алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн, 2021-жылдын 9-декабрь күнү Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин милициянын участкалык уполномоченныйлары тарабынан түшүндүрүү мүнөздөгү алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп, анда коомдук жерлерде жана ага тыюу салынган жерлерде тамеки чеккен жарандарга айып-пул салынары эскертилген.
Иш-чаранын жүрүшүндө коомдук жайларда, подъезддерде, лифттерде, тепкич аянттарында, жалпы колдонуучу жайларда, коомдук транспорттордо, парктарда, ошондой эле аялдамаларда түшүндүрүү сүйлөшүүлөрү жүргүзүлдү.
Бишкек шаарынын Ленин РИИБи, жогорууда аталган иш-чара алдын алуу мүнөзүнө ээ экендигин эсиңиздерге салат. Мындан ары көрсөтүлгөн укук бузууларга тиешелүү чаралар колдонулары эскертилди.