
Кечээ, 9-декабрда, "Бүтүн Кыргызстан" партиясы буга чейин айтылган 200дөн ашуун шайлоо тилкесиндеги добуш берүүнүн жыйынтыгын кайра саноо боюнча билдирүүсүн чакыртып алды. БШК партия менен 6 шайлоо участкасында добуштарды кайра саноо маселесин тактап жатат. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин 7-декабрда БШКнын сайтында шайлоо участкаларында кол менен эсептөөнүн протоколдору 100% жарыялангандан кийин, "Ишеним" жана "Ата Журт" партиялары (толугу менен) өз арыздарын чакыртып алышкан.
"Ынтымак", "Альянс" жана "Эл үмүтү" партиялары да көпчүлүк шайлоо участкалары боюнча арыздарын кайтарып алышты. "Эл үмүтү" партиясы мурда айтылган 58 шайлоо участкасынын 11инде добуштарды кайра саноо үчүн арыз калтырды. "Ата Мекен" жана "Социал-демократтар" партияларынын билдирүүлөрү каралууда.
Партиялардын жана талапкерлердин өкүлдөрүнүн катышуусу менен түзүлгөн маалыматтарды салыштыруу боюнча көз карандысыз топ, кайра саноолорду өткөрүү жана шайлоо участоктору боюнча макулдашуу иштерин улантууда.
Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы партиялар тарабынан айтылган шайлоо участкаларында добуштарды кайра саноо боюнча чечим чыгарат.
"Азаттык" партиясынын өлкөдөгү бардык шайлоо участокторунда "толук кайра саноо" боюнча талабына негиз жок болгондуктан, добуштарды кайра саноодон баш тартты.
Жалпысынан буга чейин 600 шайлоо участкасы боюнча кол менен кайра саноого арыздар 8 саясий партиядан түшкөн.