
Кадамжайда кафеде 2 жигитти сабап качып жүргөн деп шектелип 2 адам кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында жайгашкан Техас кафесинин алдында ушул жылдын 17-январь күнү 24 жаштагы М.К. жана 24 жаштагы Э.Бларды бейтааныш 4-5 бала уруп денелерине жараат келтирген.
Бул материал Кадамжай РИИБнин КЖБРне Кыргыз республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Кадамжай РИИБнин ыкчам кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнүн натыйжасында кылмышка шектүү Кайтпас айылынын 34 жаштагы А.А. жана Алга айылынын 2 0жаштагы Т.А. аттуу атуулдар кармалып, кылмыш иши Кадамжай райондук сотуна жөнөтүлгөн.
Кылмышка шектүү катары калган бейтааныш атуулдардын үстүнөн бөлүнүп алынган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жетиштүү далилдер алынып, Кадамжай РИИБнин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзгөн. Натыйжада шектүү катары Кайтпас айылынын тургундары 27 жаштагы А.Ж. жана 23 жаштагы А.Тлар аныкталып кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.