Кээ бир шайлоо участокторунда добуштар кайра саналат

БШК 2021-жылы 9-декабрда "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 36-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо кээ бир шайлоо участокторунда шайлоочулардын добуштарын кайра саноо өткөрүү жөнүндө" чечим кабыл алды.Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Шайлоочулардын добуштарын кайра саноо графикке ылайык өткөрүлмөкчү.

Маалыматка ылайык, шайлоочулардын добуштарын кайра саноого саясий партиялардын өкүлдөрү, байкоочулары, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катыша алышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД