Бишкек мэриясы Казакстандан миң даана автобус сатып алууну көздөөдө

Казакстандын Нур-Султан шаарындагы жумушчу сапардын алкагында 2022-жылы жүргүнчүлөрдү ташуучу унааларды жана атайын техникаларды сатып алуу ниети боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэриясы газ менен жүрүүчү 1000 Yutong автобустарын сатып алууну көздөөдө.

Меморандумга Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги, Казакстандын Соода жана интеграция министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы, "Өнөр жайды өнүктүрүү фонду" ААК, "KazakhExport" ЭСК АК, "Qaztehna" ЖЧК, "СарыаркаАвтоПром" ЖЧКсы, Камаз- Инженеринг АК , ONAY Pay ТОО кол койду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД