Ботокстун айынан ондогон төө сулуулар сынагынан четтетилди

Декабрь айында Сауд Арабиясында падыша Абдул-Азиз атындагы төөлөр фестивалы башталды. Эр-Рияд шаарынын түндүк-чыгышындагы чөлдө бир ай бою өтүүчү бул иш-чаранын алкагында, түрдүү мелдештер, жарманкелер өткөрүлөт. Ал тургай баш байгеси 66 миллион доллар болгон төөлөр арасында сулуулар сынагы да өтөт.

Сынактын профессионал жюрилери конкурсанттардын сырткы келбетине (башынын, мойнунун жана өркөчүнүн формасына) жана сырткы сымбатын көрсөтүшүнө карай баалашат. Төөлөрдүн ээлерине жаныбарларынын сырткы келбетин жакшыртуу үчүн кандайдыр бир манипуляция жасоого катуу тыюу салынган. Бирок, кандай жол менен болбосун калыстарды алдоого аракет кылгандар жыл сайын кездешет.

Бул жылы калыстар азырынча 40тан ашуун төөнү сынактан четтеткен, буга ээлери төөлөрүнүн ооздоруна, баш терисине ботокс сайдырып, мурундарын тарттырып, булчуңдарын чыгаруу үчүн гормондорду сайдырышканы себеп болгон.

Сынактагы бузууларды аныкташ үчүн калыстар алдыңкы технологияларды, скринингдерди жана тесттерди колдонушат.

Ал эми алдамчылык аныкталып калса, ал адамдын "модификацияланган" төөсү сынактан четтетилип, өзү ири өлчөмдөгү айып пул төлөйт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД