Бишкекте мыйзамсыз объекттерди алуу уланууда

Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы "Тазалык" муниципалдык ишканасы менен биргеликте борбордогу мыйзамсыз объекттерди алууну улантууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул жолу Патриса Лумумба көчөсүнөн №94 жана №98 үйлөрдүн жанындагы күркө түрүндөгү жеңил типтеги объект алынды. Ошондой эле түшүндүрүү иштеринен соң Садыгалиев көчөсүндө жайгашкан гриль сатуучу соода түйүнү өз ыктыяры менен демонтаждалды. Балбан-Таймаш жаңы конушунда Патриса Лумумба көчөсүнүн жана Чоң Чүй Каналынын кесилишинде күркө алынды.

Андан тышкары, Манас көчөсүнүн жана ЧЧКнын кесилишинде күркө алынды, Чүй проспектисинде №75 үйдүн жанында күркө демонтаждалды. Манас проспектисинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин №5 корпусунун жанындагы тосмо алынып, натыйжада 106 метр муниципалдык аймак бошотулду.

Бул багыттагы иштер уланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД