Молдовановкадагы абактан тыюу салынган нерселер табылды

Молдовановка айылындагы Жазаларды аткаруу кызматынын №1 мекемесинде тинтүү жүргүзүлүп, тыюу салынган нерселер атбылды. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 10-декабрында Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №1 мекемесинде (Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Молдовановка айылы) пландуу жалпы издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө салмагы 8,615 кг баңги заттары (героин, гашиш, марихуана) табылып алынган. Андан сырткары, ар кандай үлгүдөгү уюлдук телефондор - 24 даана, тешүүчү жана кесүүчү буюмдар - 63 даана, алкоголдук ичимдиктер - 3,5 литр, маш - 275,5 литр жана түзөтүү мекемелеринин ички эрежелеринде тыюу салынган башка буюмдар табылган.

Табылган тыюу салынган заттар жана буюмдар фактысы боюнча Жаза аткаруу кызматы тарабынан тийиштуу болгон тергөө жана башка текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД