Анарбек Шамкеевдин жаркын элесине арналган митинг-реквием болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинде чыгаан кол башчы, КРнын ИИМнин мурдагы Ички аскерлеринин биринчи кол башчысы, Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин негиздөөчүсү генерал-майор Шамкеев Анарбек Шамкеевичтин жаркын элесине арналган митинг-реквием болуп өттү. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул иш чарага анын жакын туугандары жана Департаменттин ардагерлери чакырылды. Иш чарада генарал-майор Шамкееевдин өмүр баяны жана кызматы жөнүндө даректүү тасма көрсөтүлүп, адамдын жаратылышка болгон ибадат катары аскер бөлүктүн аймагында карагайлар отургузулуп, архардын скульптурасы ачылды.

Генерал-майор Шамкеев Анарбек Шамкеевич өзүнүн бүт өмүрүн Ата Мекенге кызмат өтөөгө арнаган, ал катардагы жоокерден генерал-майорго чейинки, жөнөкөй аткычтан Ички аскерлердин Колбашчысына чейинки күжүрмөн жолду басып өткөн. Советтер Союзу тарагандан кийин, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында Кыргыз Республикасынын ИИМнин Ички Аскерлерин түзгөн жана жетектеген. Ал өткөөл мезгилдеги катаал экономикалык шарттарга карабастан Ички Аскерлерди кайрадан түзүп, Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Баткен шаарларында жаңы аскер бөлүктөрүн ачкан.

Советтер Союзу тарагандан кийин, 1992-жылы апрель айында өлкө жетекчилиги тарабынан тандалып алынып, эгемендүү Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин биринчи Колбашчысы болуп дайындалган. Тажрыйбалуу офицер өткөөл мезгилдеги катаал экономикалык шарттарга карабастан Ички аскерлерди кайрадан түзүп, Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Баткен шаарларында жаңы аскер бөлүктөрүн ачкан.

Жазык-аткаруу системасын реформалоо талаптарына ылайык 2002-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМнин Ички аскерлеринин 1-бригадасынын негизинде Кыргыз Реcпубликасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Кайтаруу жана күзөтүү департаментин түзгөн.

Ал аскер кызматындагы көп жылдык тажрыйбасында бөлүктөгү саясий иштерди колго алып, жетекчилик кызмат орунга келгенде да коомдук иштерге активдүү катышып келген, 1990-жылы Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланган.

Мекенибиздин сыймыктуу каарман жоокеринин жаркын элеси аны билгендердин, бирге иштегендердин жана замандаштарынын, биздин бардыгыбыздын жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД