Борбор калаанын милиционерлери балдарды жаңы жыл майрамы менен куттукташты

Шаардык милиция кызматкерлери Бишкек шаардык мэриясынын балдардын коомдук адаптация борборуна барып, балдарды келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттукташты. Бул тууралуу Бишкектин Ленин РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 10-декабрь күнү БШИИББдин жетекчисинин орун басары Тилек Түкебаев жана Ленин РИИБдин начальниги Бакытбек Нарчаев, ИИБдин балдар иштери боюнча инспекторлору менен биргеликте "16 күндүк гендердик зомбулукка каршы активдүү иш-аракет" акциясынын алкагында, Бишкек шаардык Мэриясынын балдардын коомдук адаптация борборуна барышты.

Мындан тышкары милиция кызматкерлери балдарга жаңы жылдык белектерди, таттууларды таратышып, жана ошондой эле "16 күндүк гендердик зомбулукка каршы активдүү иш-аракет" аталышындагы эл аралык акциянын алкагында балдардын баарына кызгылт сары түстөгү "Биз зомбулукка каршыбыз" жазуусу менен топулар берилди.

БШИИББдин жана РИИБдин жетекчилери кайсы убакыт болбосун, балдар милиция кызматкерлерине таяна алышарын белгилеп кетишти. Бардык балдарга чың ден-соолук, жаркын келечек каалашты.

Адаптациялык борборунун кичинекей тарбиялануучулары өз кезегинде милиция кызматкерлерине майрамдык концерт уюштуруп, ыр ырдап, бий бийлеп, ар кыл таланттарын көрсөтүштү.

Иш-чаранын аягында, милиция кызматкерлери тарабынан балдар үчүн атайын чай ичүү уюштурулду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД