
Зордуктоо фактысы боюнча кармалган адамдын атайын кызматка эч кандай тиешеси жок. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда "үстүбүздөгү жылдын 23-ноябрында КР УКМКнын штаттан тышкаркы кызматкери тарабынан жасалган сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери тууралуу" маалымат жарыяланган.
"Мыйзамсыз иш-аракети үчүн кармалган Кыргыз Республикасынын 2000-жылы туулган "К.Б." аттуу жаран атайын кызмат менен эч кандай байланышы жок", - деп айтылат УКМКнын маалыматында.
Мекеме бардык жарандарды жеке кызыкчылыгын көздөп максаттарга же ниеттерге жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын УКМК атын жамынбоого чакырат.
КР УКМК мындай аракеттер үчүн колдонуудагы мыйзамдардын алкагында жоопкерчилик каралганын эскертет.