АКШ башка өлкөлөргө 20 миллион доза вакцина жөнөтөт

АКШ президенти Жо Байден июндун аягына чейн башка өлкөлөргө 20 миллиондон кем эмес доза "Pfizer/BioNTech", "Moderna" жана "Johnson & Johnson" вакциналарын жөнөтөрүн билдирди.

Буга чейин АКШнын тиешелүү органдары жактыруудан өткөрбөгөн "AstraZeneca" вакцинасынын 60 миллион дозасы менен бөлүшүү пландалган.

"Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Америка демократиянын арсеналы болгондой эле COVID-19 пандемиясына каршы күрөштө биздин өлкө вакцинанын арсеналына айланмакчы", - деп билдирди Байден.

Дүйшөмбүдөгү маалыматка ылайык, Кошмо Штаттарда 272 миллиондон көп вакцина сайылды. Чоң кишилердин 60 пайызга жакыны жок дегенде бир жолу эмделди. Бул көрсөткүч башка өлкөлөргө караганда кыйла жогору.

Байден вакцина менен бөлүшүүгө көптөн бери үндөп, ошол эле маалда адегенде АКШнын өзүндө пандемияны ооздуктоо керектигин белгилеп келет.

Буга чейин ЮНИСЕФтин жетекчиси Генриетта Фор "Чоң жети" өлкөлөрүнө жана Европа Биримдигине кайрылып, жакыр өлкөлөрдү вакцина менен камсыздоого жардам берүүгө чакырган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД