Бишкекте унаа сүзүп кеткен "Тазалыктын" кызматкери көз жумду

Бишкекте "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкери унаа сүзүп каза болду. Бул тууралуу Кайгуул милициянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн саат 06:45те Жибек-Жолу проспектисинде Mazda үлгүсүндөгү унаанын 23 жаштагы айдоочусу Осмонкул көчөсүнө жетпей жөө жүргүнчүнү сүзүп алган. Каза болгон адам 47 жашта, ал алган жаракатынан улам "Тез жардам" унаасында ооруканага жетпей каза болгон.

Материалдар иликтөө үчүн Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД