БШК дагы 7 округдагы бир мандаттуу шайлоонун жеңүүчүлөрүн жарыялады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 12-декабрындагы жыйналышында бир мандаттуу жети шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү деп тааныды жана шайлоо натыйжаларын аныктады. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү округдардын аймактарында добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу округдук шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде төмөнкү талапкерлер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаттары деп таанылды:

- № 2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Ражабалиев Нурлан Аскаралиевич;

- № 3 Кадамжай бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Атажанов Ырысбек Ысламович;

- № 4 Көк-Жар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Бакиров Омурбек Мирзараимович;

- № 5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Коргонбай уулу Жусупбек;

- № 19 Токтогул бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Сулайманов Кундузбек Кошалиевич;

- № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Абиров Жаныбек Болотбекович;

- № 20 Манас бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Джумабеков Дастанбек Артисбекович.

ОШКларда округдар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууда жана шайлоо натыйжаларын аныктоодо БШК түшкөн арыздарды жана даттанууларды карап чыкты жана алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдерди кабыл алды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД