
Кечээ, 12-декабрда, UFC уюмунун жеңил салмактагы дүйнө чемпиону Валентина Шевченко Ош шаарына барып, күйөрмандары менен жолукту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Валентина Шевченко саат 14:30да Султан Ибраимов атындагы драма театрында күйөрмандары жана спортчулар менен жолуккан.
Шевченконун Ош шаарындагы сапары эки күнгө созулат. Ал мектеп окуучулары, балдар үйүнүн тарбиялануучулары менен да жолугат.
Эскерте кетсек, кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко UFC уюмунун жеңил салмактагы курун алты ирет коргогон.