
Баткендин Кара-Булак айылынын эли менен милиция жолукту. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Баткен районунун Кара-Булак, Бужум айылынын эли менен милиция кызматкерлери жолугуп, айыл ичиндеги көйгөйлөрүн укту. Жолугууга Баткен ОИИБнын начальнигинин орун басары милициянын полковниги Нуралдин Акмурзаев, Баткен РИИБнин начальнигинин орун басары милициянын подполковниги Жолдубай Саткынов, Баткен райондук администрациянын жетекчисинин орун басары Кишимжан Кадыровалар барып эл менен жолукту.
Жыйналган элге милициянын аймактык тескөөчүлөрү айыл ичиндеги коомдук коопсуздук боюнча жыл ичинде аткарган иштери боюнча маалымат берди. Милициянын отчетун уккан эл өз көйгөйлөрүн ортого салышты. Алар негизинен Бужум айылындагы жаңы конушка электр энергиясын өткөрүү үчүн электр мамычаларын орнотууну, кышкы мезгил болгондугуна байланыштуу Баткен шаарына барып билим алган мектеп окуучуларынын коопсуздугу үчүн маршруткалардын иштөө убактысын узартууну, ушул эле жылдын октябрь айынын ортолорунда киши колдуу болуп каза болгон Темирбаев Жигиталинин кылмыш иши адилеттүү, мыйзам чегинде тергелишин талап кылышты. Мындан сырткары ушул аймакта мамлекеттик кызматта башкача айтканда милиция, медицина кызматында иштеп жаткан кызматкерлерге мамлекет тарабынан кызматтык үйлөр куруулусун сунашташып өттү.