
Европада вакцинацияга каршы адамдардын массалык акциялары токтобой жатат. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Австриянын борбору Вена шаарынын көчөлөрүнө 40 миңден ашуун адам чыкты. Алар бийликтин киргизген чектөөлөрүнө жана ковидге каршы эмдөөнү сөзсүз түрдө жүргүзүү планына каршылыктарын билдиришти. Келерки жылдын февраль айынан тарта бул өлкөдө эмдөөдөн өтпөгөн адамдар 3600 евро айып пул төлөшү керек.
Ал эми Испанияда болсо, бийликтин саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү саясатына каршы чыккан эл Мадридде тынч жүрүшкө чыгышты. Айрымдары колдоруна "Бул калп пандемия", "Мен эмдөөдөн өтпөйм" деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп алышкан.
Санитардык паспортторго каршы ири акция Каталониянын борбору Барселонада да болуп өттү. Бул автономиялуу коомчулукта бар, ресторан, спортзал жана башка жерлерге кирүү үчүн сөзсүз түрдө ковид-сертификат талап кылынат.
Люксембургда миңден ашуун адам киргизилген чектөөлөргө жана QR кодго каршылыгын билдирип чыгышты. Акция тынч башталган менен, кийин каршылык акциясына чыккандардын тартип сакчылары менен кагылыша кетишине чейин жеткен. Демонстранттардын айрымдары полиция кызматкерлерине таш ыргыта башташкан. Буга жооп кылып полиция суу аткыч колдонгон.
