Мурат Саралиновдун жаркын элесине арналган эркин күрөш боюнча мелдеш өттү

Бишкек шаарында коомдук ишмер, Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитетинин президенти, КР эмгек сиңирген машыктыруучусу, эркин күрөш боюнча СССРдин спорт чебери Мурат Саралиновдун жаркын элесине арналган эркин күрөш боюнча жаштар, өспүрүмдөр арасында эл аралык мелдеш өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш 10-12-декабрь күндөрү Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда болду.

Жалпы мелдешке Кыргызстандын баардык аймактарынан жана Өзбекстан, Казакстандан келген 547 балбан катышты.

Беттештер 14 салмак категорияда болуп, жеңүүчүлөр жана байге ээлери диплом, медалдар, ошондой эле акчалай сыйлык менен сыйланышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД