Социалдык мекемелердеги адам укугун сактоо боюнча оорчулуктар аныкталды

10-декабрь Адам укугунун эл аралык күнүнө карата Акыйкатчы (Омбудсмен) институту Чүй, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында жайгашкан социалдык стационарларга, психиатриялык мекемелерге жана кылмыш аткаруу системасынын мекемелерине жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгын жарыялады. Бул тууралуу БУУӨПтүн коммуникациялар боюнча адиси Нуржан Алымканова билдирди.

Анын маалыматына караганда, социалдык мекемелерде бюджеттен бир адамдын тамак-ашына суткасына 100 сомдон, ал эми дары-дармегине 12,5 сомдон бөлүнөт. Жетишсиз каржылоо – мониторингдин жүрүшүндө аныкталган негизги көйгөй. Ошондой эле, жаза аткаруу системасынын мекемелеринде адамдардын убактылуу кармоочу жайлардын шартында узак убакытка кармалып турушу курч көйгөй бойдон калууда. Мониторингдин жыйынтыгында тиешелүү министрликтерге жана ведомстволорго сунуштар иштелип чыкты.

Мониторингдин жыйынтыктары мамлекеттик органдардын, Жогорку Кеңештин, КР президентинин аппаратынын, эл аралык уюмдардын, укук коргоо уюмдарынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышкан Адам укугунун эл аралык күнүнө карата өткөрүлгөн конференцияларда көрсөтүлдү.

Кыргызстандагы БУУнун системасынын туруктуу координатору Озонниа Ожиело конференциядагы куттуктоо сөзүндө төмөнкүлөрдү белгилеп өттү: "Бул жылы Адам укугунун күнү Адам укугунун жалпы декларациясынын "Бардык адамдар өзүнүн кадыр-баркы жана укугу менен эркин жана тең төрөлөт" деген 1-беренесинде бекитилген "Теңчилик" темасына арналган. Уланып жаткан COVID-19 кризиси аябай теңсиздикти алып келди. Мунун айынан дүйнө элинин эң аярлуу катмары жабыр тартты. COVID-19 дагы деле жайылып жатканын эске алсак, анда пандемияга жооп кылуучу бардык чаралар адам укугун сактоого негизделиши үчүн биз бири бирибиз менен тыгыз кызматташуубуз зарыл. Анткени биз аялдар менен эркектер, балдар менен жаштар, карылар, качкындар жана мигранттар, жакырлар, майыптыгы бар адамдар, темир тор артында отурган адамдар, азчылыктар жана башкалардын ар түрдүү жапа чегип жатканын көрүп жатабыз", - дейт Озонниа Ожелио.

Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү программасы мыйзам үстөмдүгү боюнча долбоорлордун алкагында социалдык стационарларда жана психиатриялык мекемелерде адам укугу боюнча мониторинг жүргүзүүгө жана методологияны иштеп чыгууга техникалык жана материалдык колдоо көрсөткөн.

Кыргызстандагы БУУӨП адам укугун жана эркиндигин коргоого багытталган Кыргыз Республикасы кабыл алган эл аралык милдеттенмелерди аткаруу жана Конституция кепилдеген юридикалык жардамды убагында көрсөтүү максатында Акыйкатчы (Омбудсмен) институту менен активдүү кызматташууда. Ушул жылы Telegram мессенджеринде "Акыйкатчы-бот 115" ишке киргизилген, бул аркылуу өлкө жарандары Акыйкатчыга көп берилген суроолорго жоопторду, маалыматтарды ала алышат жана өздөрү да онлайн режимде кайрылууларын жөнөтө алышат.

***

Конференциядан сүрөттөрдү төмөнкү шилтеме аркылуу кирип көрө аласыз: https://flic.kr/s/aHsmXeSaPx


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД