
"Манас" жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясынын президенти Топчубек Тургуналиев кызматтан кетти. Бул тууралуу Министрлер кабинетиндеги булактарынын билдиргенине таянып "Азаттык" жазып чыкты.
Тургуналиев 2019-жылы "Манас" жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясы" мамлекеттик мекемесинин президенти болуп дайындалган.
Академия түзүү тууралуу жарлыкка мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын 31-январында кол койгон.
Жарлык "Манас" эпосун, кыргыз элинин эпикалык маданиятын, Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк мааниге ээ болгон көркөм, гуманисттик, философиялык-этикалык мурасын сактоо жана жайылтуу, ар тараптан терең изилдөө милдеттерин аткара тургандыгы айтылган.