Жергиликтүү өз алдынча башкаруу кодексин талкуулаган көчмө жыйын өтүүдө

10:20

Бүгүн, 1 - июнда Чүйдүн Арашан айылындагы Кой-Таш эс алуу борборунун жыйын залында жергиликтүү өз алдынча башкаруу кодексин толуктоо боюнча көчмө жыйын өтүүдө.

Ага жергиликтүү өз алдынча башкаруу түзүмдөрүнүн биримдигинин өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, талдоочулар, юристтерден турган эксперттердин тобу катышууда.

Анын жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын кодексин айрым пунктарын толуктоо, алымча-кошумча кылуу боюнча талкуу жүрүүдө.

Эртең менен саат 9:00дө башталган жыйын кечки саат 18:00гө чейин созулат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД