
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги уюштурган ART ОРДО театралдык фестивалы Кыргыз эл артисти, таланттуу режиссёр Искендер Рыскуловдун 80 жылдыгына арналып, быйыл онлайн түрдө өтө турган болду.
Фестивалга Татарстандын (Россия), Казакстандын бир нече театрлары жана жергиликтүү театрлар катышары күтүлүүдө.
Коронавирус пандемиясы башталгандан тартып, театралдык фестивалдар шартка байланыштуу онлайн форматта өтүп келе жатат.
Фестивалдын ачылыш аземи бүгүн 13-декабрь, саат 17:30да А. Осмонов атындагы улуттук китепканада болуп өттү.