
Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылынын Ленин көчөсүндө жайгашкан кафенин кароолчусу жайгашкан бөлмөдөн өрт чыгып, анын кесепетинен 2 адам көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, өрттөн 6 чарчы метр кароолчунун бөлмөсү толугу менен күйүп, өрттүн кесепетинен бөлмөнүн ичинде эки адам каза болгон.
"Өрт саат 06:30да чектөөгө алынып, саат 06:50дө толугу менен өчүрүлдү. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда", - деп айтылат билдирүүдө.