
Милиция Ак-Талаа эли менен жолугушту. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2021-жылдын 6-декабрындагы президент С.Н.Жапаровдун 3 маанилүү жарлыктарынын негизинде Ак-Талаа РИИБү тарабынан райондук мамлекеттик администрацияга сунуш кат жиберилип, бүгүн 13-декабрь 2021-жылы Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында райондун айыл өкмөттөрү, соц.кызматкерлер, айыл чарба кызматкерлери жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча тиешелүү кызматтар арасында талкуу жүргүзүлүп, Ак-Талаа РИИБнүн жетекчилиги тарабынан жда алдыдагы атайын графиктин негизинде эл менен жолугушууда жергиликтүү тургундарга КРнын Президентинин жарлыктарын элге жеткирүү максатында жалпы тиешелүү кызматтар менен биргеликте иш алып баруу маселеси коюлууда.
Ошондой эле Ак-Талаа районунун Баетов,Кош-Дөбө,Жеңиш, Кара-Бүргө айылдарында эл менен жолгушу өткөрүлүп, түнкү учурда мал жандыктарды жол жээгине кароосуз калтырбоо,айдоочулар арасында жол эрежелерин бузбоо жана өзгөчө ылдамдыкты сактоо боюнча талкуулар болуп, элдин суроо талабына милиция тарабынан жооптор берилди.
Мындан тышкары Нарын ОИИБи тарабынан уюштурулган "Антирекет" алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө жаш өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын, кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында Ак-Талаа РИИБнүн кызматкерлери профилактикалык түшүндүрүү иштерин жургүзүп, алдыда келе жаткан жаңы жылдык кечелерди окуучулар арасында уюштурбоого жана ар кандай кылмыш кырсыктардан алыс болууга чакырып жатышат.