Чаң жолдо унааны жай айдаган 3 айдоочу иштен алынды

Чаң жолдо унааны жай айдаганы үчүн Чаткал районунда иш жүргузүп жаткан "Эти Бакыр Терек-Сай" компаниясынын айдоочулары иштен алынды. Бул тууралуу иштен алынган айдоочулар билдирди.

Айдоочулардын айткандарына караганда, 9-декабрда "Эти Бакыр Терек-Сай" компаниясында иштеген айдоочулар жыйын өткөрүп, жол абдан чаңып жатканы үчүн суу себилип туруш керек деген чечим кабыл алынган. Анткени, коопсуздук маселеси биринчи орунга коюлган.

Ал эми 12-декабрда ишке чыккан айдоочулар биринчи рейсте кадимки ылдамдыкта айдаган кезде жол чаңып кетип, экинчи рейсте абдан эле чаңып жатканына байланыштуу оор жүк ташуучу унааны акырын айдап баратканы үчүн компаниянын жетекчилиги 3 айдоочунун унаасынын ачкычтарын алып, аларды иштен кетирүү ниетин билдирген.

Айдоочулардын айтымында, унааны жай айдоо аларды иштен алууга себеп болгон. Унааны ылдамдыкта айдаганда жолдун чаңы шоопурлардын кабинасына чейин кирип, дем алууга мүмкүн болбой, ал аз келгенсип айланадагы жашоочуларга зыяны тийгизүүдө. Мыйзамдын тили менен айтканда экологиялык нормалар сакталбай жатат.

Биз негизсиз иштен алынган айдоочулардын жана жергиликтүү жашоочулардын пикирин угуп көрдүк. Иштен алынган Жумадыл аттуу айдоочу өз пикирин төмөнкүчө тушундүрдү:

"Мен эч кандай эмгек кодексин бузган жокмун. Тескерисинче жол белгилер коюлган эрежени сактап айдап келе жаткам. Ага чейин биз жол аябай чаңдап кетип жаткандыктан коопсуздукту сактоо максатында аралыкты кармап, ылдамдыкты ашырбай айдоого макулдашканбыз. Экинчи рейсте жетекчилик унааны жаңсап токтотуп, "Эмнеге жай баратасың" деп ачкычты алып кетип калды. Эч кандай эскертүү бербей жумуштан кетирүү чечимин кабыл алыптыр. Биздин башка кесиптештер буга нааразы. Бул жерде мен ишенимдүү айта алам, биздин укугубуз тебеленди. Жеке менин инвесторлорго каршылыгым жок, бирок алар биздин мыйзамдарга баш ийип иш алып барышы керек деген пикирдемин. Биринчиден, мен ден-соолугумду ойлоп, экинчиден катуу айдап чаңды асманга сапырып, жакын жашаган тургундарга, экологияга зыян келтирүүнү каалаган жокмун. Эң негизгиси коюлган жол белгини сактадым" - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД