Баткенде эл милицияга өз сунуштарын айтышууда

Айдаркен, Халмион эли милцияга өз сунуштарын берди. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Баткен ОИИБнын кызматкери Ташбулатов, Кадамжай РИИБнин жетекчиси Кожобек Козубаев Кадамжай районунун Айдаркен, Халмион айыл аймактарынын эли менен жолугушту. Жолугушууда милиция кызматкерлеринин тейлеген аймактагы кылмыштуулук, профилактикалык иштер боюнча бир жылдык отчеттору угулду.

Айдаркен шаарында жол коопсуздугу үчүн жол белгилерин орнотууну, айдоочулук күбөлүктөрдүн көбү окубай алынып жаткандыгы жол кырсыктарына себеп болуп жаткандыгы, спирттик ичимдик саткан дүкөндөрдүн иштешине чектөө сааттарын коюп, көзөмөлдөөнү айтышып, сунуштарын берди.

Ал эми Халмион айыл аймагындагы жыйналган эл мектеп окуучуларынын коопсуздугу үчүн социалдык тармактарда жаш өспүрүмдөрдү уурдап кетип жатат деген жалган маалыматтар таркаткандарды сот жообуна тартылуусун, жаш өспүрүмдөр телефондорду туура эмес максатта пайдаланып жаткандыгы боюнча ата-энелер көзөмөл кылуусу, миграцияда жүргөн ата-энелердин балдарына көзөмөлдү күчөтүүнү, спирттик ичимдик саткан дүкөндөргө чектөөнү киргизүүнү сунуш кылышты.

Жолугушууда ар бир маселе өзүнчө көтөрүлүп, талкуу кызуу жүрдү. Кээ бир маселелер жеринде чечилди.

Ошондой эле милиция кызматкерлери тарабынан элге сервистик тейлөө, милициянын көчмө кабылдамасы менен алыскы аймактагы элдердин арыз-даттанууларын кабыл алуу, бирдиктүү терезенин РИИБдө иштеп жатканын жана президенттин жарлыктарын, министрдин тапшырмалары боюнча элге кеңири форматта жеткирилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД