Бишкекте Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү белгиленди

Борбор калаанын Свердлов районунун билим берүү уюмдарында Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, катышуучулар үчүн класстык сааттар, тегерек чогулуштар, баарлашуулар, диктант, дилбаяндар, викториналар, сүрөт, плакаттар, дубал газеталар жана видео роликтер боюнча сынактар өткөрүлдү. Башталгыч класстын окуучулары коррупция маселесин көтөргөн чыгармаларды окушту.

Иш-чаранын жумалыгы "Биз коррупцияга каршыбыз!" аттуу чоң райондук сынак менен жыйынтыкталды.

Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөргө Ардак грамоталар тапшырылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД