
Мас абалында кайгуул кызматкерлерине баш ийбей качкан айдоочу кармалып, ага 7 протокол толтурулду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2021-жылдын 14-декабрда Бишкек ШИИББ боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жаткан учурда, болжол менен саат 02:50 чамасында Дэн Сяопин жана Патриса Лумумбы көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин бузган "Nissan Mistral" үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Бирок айдоочу кызматкерлерге баш ийбей качып кеткен. Качуу учурунда коомдук коопсуздукту бүзүп, башка жол кыймылынын катышуучуларына тоскоолдук жана коркунуч келтирген. Бирок кызматкерлердин ыкчам аракетинин натыйжасында "Nissan Mistral" үлгүсүндөгү автоуна Медеров жана Жукеева-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинен кармалып айдоочусу 1973-жылы туулган Р.К. экендиги аныкталган. Спирт ичимдигин ичкендигин текшерүү учурунда мас абалында экендиги аныкталган.
Бул факты боюнча айдоочуга жол эрежесин одоно бузгандыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар тууралуу кодексинин 185, 182.1-бөлүмү, 188.2-бөлүмү боюнча 3 протокол, 193.1-бөлүмү жана 184.1-бөлүмүнө ылайык жалпы 7 протокол толтурулуп, авто унаасы убактылуу токтотулуучу айып короо жайына киргизилди.