Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду 31-июлга чейин камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.
Аталган депутаттарга Кумтөр кениндеги коррупциялык иштерге байланыштуу Жазык кодексинин 319-беренесинин (Коррупция) негизинде айып коюлууда.
Кечээ, 31-майда Жээнбеков менен Зулпукаров алгач УКМКга суракка чакырылып, кийин камакка алынганы кабарланган.