
Борбор калаанын милиционерлери өспүрүмдүн телефонун карактап кеткендерди колго тушүрду. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматкери Сайкал Садыбакасова билдирди.
Басма сөз катчынын билдиргенине караганда, 2021-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарынын Ленин РИИБине К.А. аттуу шаар тургуну арыз менен кайрылып, ошол түнү саат 00:20 чамасында белгисиз адамдар анын жашы жете элек уулуна күч колдонуп, баасы 25 миң сомдук Самсунг А 51 уюлдук телефонун тартып алып, качып кеткенин билдирген.
Бул факт тоноо беренеси менен катталып, кылмышка шектүүлөрдү издөө иштери башталган.
Тергөө жана издөө иштеринин жүрүшүндө Ленин РИИБинин кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектелип, 2003-жылы туулган М.Т. жана С.Н. аттуу жарандар кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Мындан сырткары кылмышка шектүүлөрдүн башка да ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар-жогу аныкталууда.