Алдыдагы бир жумада өлкөдө кандай аба ырайы күтүлөт? Синоптиктердин жообу

Кыргызгидромет борбору 15-декабрдан 21-декабрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Ага ылайык:

15-21-декабрларда Чүй облусунда күтүлгөн аба-ырайы

15-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Эртен менен жана күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

16-17-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

18-декабрда жана 19-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

19-декабрда күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

20-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

21-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

15-21-декабрларда Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы

15-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Эртен менен жана күндүз бир аз жаан, кар жаашы күтүлөт. Туман түшүшү күтүлөт.

16-17-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

17-19-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

20-декабрда түнкүсүн кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

21-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

15-21-декабрларда Талас облусунда күтүлгөн аба-ырайы

15-декабрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

16-17-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

18-декабрда жана 19-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

19-декабрда күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

20-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

21-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

15-21 -декабрларда Талас шаарында күтүлгөн аба-ырайы

15-16-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

17-19-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

20-декабрда түнкүсүн кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

21-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

15-21-декабрларда Ош облусунда күтүлгөн аба-ырайы

15-декабрда кээ бир райондордо жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

16-17-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

18-декабрда жана 19-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

19-декабрда күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

20-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

21-декабрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

15-21-декабрларда Ош шаарында күтүлгөн аба-ырайы

15-декабрда жаан, кар жаашы күтүлөт.

16-17-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

18-19-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

20-декабрда кар жаашы күтүлөт.

21-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

15-21-декабрларда Жалал-Абад облусунда күтүлгөн аба-ырайы

15-декабрда кээ бир райондордо жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

16-17-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

18-декабрда жана 19-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

19-декабрда күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт жаан-чачын күтүлбөйт.

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

20-декабрда кээ бир райондордо жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

21-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

15-21 -декабрларда Жалал-Абад шаарында күтүлгөн аба-ырайы

15-16-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

17-19-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

20-декабрда кар жаашы күтүлөт.

21-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

15-21-декабрларда Баткен облусунда күтүлгөн аба-ырайы

15-декабрда кээ бир райондордо жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

16-17-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

18-декабрда жана 19-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

19-декабрда күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

20-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

21-декабрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

15-21-декабрларда Баткен шаарында күтүлгөн аба-ырайы

15-декабрда кар жаашы күтүлөт.

16-17-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

18-19-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

20-декабрда кар жаашы күтүлөт.

21-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

15-21-декабрларда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба-ырайы

15-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Эртен менен жана күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

16-19-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

20-декабрда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

21-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

15-21-декабрларда Каракол, Чолпон-Ата шаарларында

күтүлгөн аба-ырайы

15-декабрда түнкүсүн кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

16-19-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

20-декабрда кар жаашы мүмкүн.

21-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

15-21-декабрларда Нарын облусунда күтүлгөн аба-ырайы

15-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

16-17-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

18-19-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

20-декабрда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

21-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

15-21-декабрларда Нарын шаарында күтүлгөн аба-ырайы

15-16-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

17-19-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

20-декабрда кар жаашы күтүлөт.

21-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

22-23-декабрларда Кыргыз Республикасынын аймагында

күтүлгөн аба-ырайынын жакындатылган болжолдоосу

22-декабрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

23-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт

Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

15-декабрда Бишкек шаарында күтүлгөн атмосфералык

абанын булгануусунун болжолу

Аба бассейнинде зыяндуу заттардын таркалышына тоскоолдук алып келе турган чектелген жагымсыз метеорологиялык шарттар түзүлүп, абада зыяндуу заттардын концентрациясынын орточо суткалык кармалышы көтөрүнкү деңгээлде (чектүү деӊгээл концентрациясынан 1,0-3,0 эсеге жогору) болушу күтүлөт.

Кыргыз Республикасынын аймагында 13-декабрда саат 9:00 дөн

14-декабрда саат 09:00 нө чейин байкалган аба-ырайы жөнүндө маалымат

14-декабрда түнкүсүн Лейлек районунда туман түшүп, көрүү аралыгы 500-200 метрге чейин төмөндөдү.

13-декабрда күндүз Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар катталды (0,4 мм), калган аймактарда жаа-чачын катталган жок. Абанын жогорку температурасы Чүй өрөөнүндө 4…8°, Талас өрөөнүндө 6…8°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 6…10°, Ысык-Көл ойдуңунда 3…5° жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -2…-9° суук, Кочкор районунда 3° жылуу болду.

14-декабрда түнкүсүн Лейлек районунда жана Алай өрөөнүн чыгышында жаан-чачын катталды (0,8-1,0 мм), калган аймактарда жаан-чачын катталган жок. Абанын төмөнкү температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө -2…-4°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө -2° сууктан…+1° жылуулукка чейин, Ысык-Көл ойдуңунда -2…-7°, Түп районунда -11°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -15…19° суук болду.

Бишкек шаарында 13-декабрда абанын суткалык орточо температурасы климаттык нормадан 2,5° жогору болду. 13-декабрда абанын күндүзгү жогорку температурасы 5° жылуу, 14-декабрда түнкү төмөнкү температурасы -3° суук болду.

Ош шаарында 13-декабрда абанын күндүзгү жогорку температурасы 8° жылуу, 14-декабрда түнкү төмөнкү температурасы 0° болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД