
2021-жылы 10-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча 12 шайлоо округундагы шайлоо участокторунда КР БШК мүчөлөрүнүн катышуусунда шайлоочулардын добуштарын кайталап саноо болуп өттү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жалал-Абад облусунда:
- №19 Токтогул округунда (БШК мүчөсү Наспеков М.Д.),
- №13 Сузак округунда (БШК мүчөсү Жумалиева А.К.)
- №14 Жалал-Абад округунда (БШК мүчөсү Жумалиева А.К.)
Ош облусунда:
- №4 Көк-Жар округунда (БШК мүчөсү Шайназаров Т.У.),
-№6 Араван округунда (БШК мүчөсү Шайназаров Т.У.),
- №7 Ош округунда (БШК мүчөсү Жылкыбаев У.К.),
- №8 Төлөйкөн округунда (БШК мүчөсү Жылкыбаев У.К.)
Нарын облусунда:
- №32 Кочкор округунда (БШК мүчөсү Жупуева А.С.),
Ысык-Көл облусунда:
- Ысык-Көл округунда (БШК мүчөсү Гайпкулов И.Т.).
Талас облусунда:
- №20 Манас округунда (БШК мүчөсү Дубанбаева А.С.),
- №21 Талас округунда (БШК мүчөсү Дубанбаева А.С.),
Чүй облусунда:
- №30 Ысык-Ата округунда (БШК мүчөсү Бекматов А.Г.).
Бул шайлоо округдары шайлоо участокторунан алынган протоколдордун көчүрмөлөрү жарыялангандан кийин саясий партиялар берген арыздардын негизинде КР БШКнын чечими менен бекитилген.
БШК буга чейин кабыл алган чечим боюнча Ош облусунун Ноокат округунда дагы кайра эсептөө мерчемделген, бирок "Бүтүн Кыргызстан" партиясы 2021-жылы 10-декабрда партиянын арызынан калган 6 участок боюнча талабын кайра чакыртып алды.
Кайра саноонун протоколдору АЭУнун жана кол менен саноонун маалыматтарынын так экендигин көрсөттү, кол менен саноонун жана АЭУнун ортосунда жалпысынан айырмачылык болбогондугун күбөлөндүрдү.
Кайра саноо саясий партиялардын өкүлдөрү, байкоочулары, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда уюштурулду, бул округдук комиссиялардын иштеринин ачык-айкындуулугун камсыз кылды. Ар бир байкоочу добуштарды саноонун тууралагына жана округдук шайлоо комиссиясынын жыйынтык протоколу туура түзүлгөндүгүнө жеке өзү ынануусуна мүмкүнчүлүк алда.
№4 Көк-Жар шайлоо округунда №5412, 5408 шайлоо участокторунда добуштарды кайра саноо уюштурулду.
Бюллетендерди кайра саноо убагында КР БШК төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаров, "Ынтымак", "Ата-Журт" саясий партияларынын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, участоктук шайлоо комиссияларынын, округдук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү катышты.
Кайра саноонун жыйынтыктары БШКнын сайтына жарыяланган АЭУнун жана кол менен саноонун баштапкы маалыматтарынын аныктыгын ырастады, протокол түзүлдү.
№6 Араван шайлоо округунда №№5339, 5240, 5241,5242, 5475, 5512, 5591, 5237, 5238, 5361, 5359, 5481 шайлоо участокторунда добуштарды кайра саноо уюштурулду.
Бюллетендерди кайра саноо убагында КР БШК төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаров, участоктук шайлоо комиссияларынын, округдук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, "Альянс", "Эл Үмүтү", "Ишеним", "Ата-Журт" саясий партияларынын өкүлдөрү катышты.
Кайра саноого ылайык АЭУнун жана кол менен саноонун баштапкы маалыматтарынын аныктыгын ырастады. Тиешелүү протокол түзүлдү.
№7 Ош шайлоо округунда №№5292, 5293, 5294, 5295, 5296, 5338 шайлоо участокторунда добуштарды кайра саноо уюштурулду.
Бюллетендерди кайра саноо убагында КР БШК мүчөсү У.Жылкыбаев, участоктук шайлоо комиссияларынын, округдук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, "Жалпы иш" коомдук фондунун өкүлү, "Альянс", "Эл Үмүтү", "Ишеним", "Ата-Журт" саясий партияларынын өкүлдөрү, Ош ОШКдагы атайын өкүл, Акипресс маалымат агенттигинин, КТРКнын өкүлдөрү катышты.
Кайра саноого ылайык АЭУнун жана кол менен саноонун баштапкы маалыматтарынын аныктыгын ырастады, тешелүү протокол түзүлүп, катышып отурган бардык адамдар кол коюшту.
№8 Төлөйкөн шайлоо округунда №№5228, 5303, 5316, 5231 шайлоо участокторунда добуштарды кайра саноо жүргүзүлдү.
Кайра саноого убагында КР БШК мүчөсү У.Жылкыбаев, участоктук шайлоо комиссияларынын, округдук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, "Эл Үмүтү" саясий партиясынын өкүлдөрү, "Жалпы иш" коомдук фондунун, Акипресс маалымат агенттигинин өкүлдөрү катышты.
Кайра саноонун жыйынтыктары БШКнын сайтына жарыяланган АЭУнун жана кол менен саноонун баштапкы маалыматтарынын аныктыгын ырастады, протокол түзүлдү.
№13 Сузак шайлоо округунда №№2008 жана 2040 шайлоо участокторунда добуштарды кайра саноо уюштурулду.
Бюллетендерди кайра саноо убагында КР БШК мүчөсү А.Жумалиева, участоктук шайлоо комиссияларынын, округдук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, атайын өкүл Т. Омурзаков, "Эл Үмүтү", "Ата-Мекен", "Азаттык", "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партияларынын өкүлдөрү, "Таза шайлоо" коомдук фондунун өкүлү А. Алакулова, Жалал-Абад медиа борборунун өкүлдөрү катышты.
Кайра саноого ылайык буга чейин жарыяланган АЭУнун жана кол менен саноонун баштапкы маалыматтарынын аныктыгын ырастады, тешелүү протокол түзүлдүп.
№14 Жалал-Абад шайлоо округунда №2052 шайлоо участогунда добуштарды кайра саноо жүргүзүлдү.
Кайра саноого КР БШК мүчөсү А.Жумалиева, участоктук шайлоо комиссияларынын, округдук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, атайын өкүл Т. Омурзаков, "Эл Үмүтү", "Ата-Мекен", "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партияларынын өкүлдөрү, талапкер Т.Икрамовдун ыйгарым укуктуу өкүлү К.Калбаев, "Жалпы иш" коомдук фондунун өкүлү Б.Анарбаева катышты.
Кайра саноонун маалыматтары боюнча АЭУнун жана кол менен саноонун маалыматтары баштапкы маалыматтарга ылайык келе тургандыгы тууралуу тиешелүү протокол түзүлдү.
№19 Токтогул шайлоо округунда №№2229, 2221, 2219, 2220, 2223 шайлоо участокторунда добуштарды кайра саноо жүргүзүлдү.
Кайра саноо КР БШК мүчөсү М. Наспековдун, участоктук шайлоо комиссияларынын, округдук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, Токтогул шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер М. Турсункуловдун, "Ынтымак" саясий партиясынын өкүлдөрүнүн, "Жалпы иш" коомдук фондунун, Акипресс маалымат агенттигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда жүргүзүлдү.
Кайра саноонун жыйынтыктары АЭУнун жана кол менен саноонун маалыматтары БШКнын сайтына жарыяланган АЭУнун баштапкы маалыматтары жана ал участоктордогу кол менен саноонун протоколдорунун маалыматтары менен бирдей экендигин көрсөттү.
№36 Ысык-Көл шайлоо округунда №№3026, 3027, 3029, 3023, 3018, 3021, 3030, 3032, 3037, 3050 шайлоо участокторунда добуштарды кайра саноо жүргүзүлдү.
Кайра саноо КР БШК мүчөсү И.Гаипкуловдун, участоктук шайлоо комиссияларынын, округдук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, "Ынтымак" саясий партиясынан талапкер Б.Турусбековдун, "Жалпы иш" жана "Жарандык иш" коомдук фонддорунун, Акипресс маалымат агенттигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда жүргүзүлдү.
Шайлоо участокторунда добуштарды кайра саноо комиссиянын катышуусу менен жүргүзүлдү. Кайра саноонун жыйынтыктары боюнча комиссия 5 участоктогу жараксыз бюллетендердин ичинен 1 талаш-тартыштуу бюллетень боюнча партиядан бир талапкер үчүн бюллетендерге киргизүүнү чечти. Бул талапкерлердин же партиялардын участок боюнча да, жалпы эле округ боюнча да позицияларын өзгөрткөн жок. 5 участок боюнча кайра саноо АЭУнун баштапкы маалыматтарынын жана кол менен саноонун маалыматтарынын өзгөрүүсүз тактыгын ырастады. Кайра саноонун жыйынтыктары АЭУнун жана кол менен саноонун маалыматтары так экендигин ырастады, бул тууралуу тиешелүү протокол түзүлдү.
№32 Кочкор шайлоо округунда №№4103, 4104, 4105, 4112, 4115, 4116 шайлоо участокторунда добуштарды кайра саноо уюштурулду
Кайра саноо КР БШК мүчөсү А.Жупуеванын, участоктук шайлоо комиссияларынын, округдук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, "Жалпы иш" коомдук фондунун коомдук байкоочусу Б.Молдалиевдин, атайын өкүл Т.Акимбаевдин, "Ынтымак" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер А.Шыкмаматовдун, бул партиянын башка өкүлдөрүнүн катышуусунда жүргүзүлдү.
Кайра саноонун жыйынтыктары боюнча комиссия 2 участоктогу жараксыз бюллетендердин ичинен 1 талаш-тартыштуу бюллетень боюнча партиядан бир талапкер үчүн жарактуу бюллетендерге киргизүүнү чечти. Бул талапкерлердин же партиялардын участок боюнча да, жалпы эле округ боюнча да позицияларын өзгөрткөн жок.
№30 Ысык-Ата шайлоо округунда №№7108, 7408, 7126, 7094, 7142, 7148 шайлоо участокторунда добуштарды кайра саноо уюштурулду.
Кайра саноо КР БШК мүчөсү А.Бекматовдун, участоктук шайлоо комиссияларынын, округдук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, "Альянс" саясий партиясынын өкүлдөрүнүн, №30 Ысык-Ата шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкер Д. Будайчиевдин катышуусунда жүргүзүлдү.
Кайра саноонун жыйынтыктары АЭУнун жана кол менен саноонун маалыматтары так экендигин ырастады, бул тууралуу тиешелүү протокол түзүлдү.
№20 Манас шайлоо округунда №№6031, 6032, 6034, 6007, 6029, 6033, 6037, 6048 шайлоо участокторунда добуштарды кайра саноо уюштурулду.
Кайра саноо КР БШК мүчөсү А.Дубанбаеванын, участоктук шайлоо комиссияларынын, округдук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, "Жалпы иш" коомдук фондунун коомдук байкоочусу Б.Сатишевдин, ОШК төрагасы К.Токоеванын, атайын өкүл Г.Бекенованын, КР ЖК депутаттыгына талапкер М.Жээнчороевдин, "Альянс" саясий партиясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жүргүзүлдү.
Кайра саноонун жыйынтыктары АЭУнун жана кол менен саноонун маалыматтары так экендигин ырастады, бул тууралуу тиешелүү протокол түзүлдү, ага катышкан бардык адамдар кол коюшту.
№21 Талас шайлоо округунда №№6078, 6086, 6091, 6093, 6095 шайлоо участокторунда добуштарды кайра саноо жүргүзүлдү.
Кайра саноо КР БШК мүчөсү А.Дубанбаеванын, участоктук шайлоо комиссияларынын, округдук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, "Жалпы иш" коомдук фондунун өкүлүнүн, ОШК төрагасы Т.Сейтековдун, КР ЖК депутаттыгына талапкер Р.Момбековдун, "Социал-демократтар" саясий партиясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда уюштурулду.
Кайра саноонун жыйынтыктары АЭУнун жана кол менен саноонун маалыматтары БШКнын сайтына жарыяланган АЭУнун баштапкы маалыматтары жана ал участоктордогу кол менен саноонун протоколдорунун маалыматтары менен бирдей экендигин көрсөттү.
Борбордук шайлоо комиссиясы жүргүзүлгөн кайра саноо АЭУнун баштапкы маалыматтарынын жана кол менен саноонун так экендигин ырастагандыгын, шайлоо участоктору боюнча да, жалпы эле республикадагы шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарында саясий партиялардын позицияларын да, талапкерлердин да позицияларын өзгөртпөгөндүгүн билдирет.