
Ысык-Ата районунда жылкы уурдоого шектелип, жаш жигиттер кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы 10-декабрда Ысык-Ата РИИБүнө 1995-жылы туулган С.К. арыз менен кайрылып, Ак-Сай айылындагы жайлоодон белгисиз адамдар бир баш жылкысын уурдап кеткенин билдирген.
Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 205-беренеси ("Уурдоо") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Чүй облустук жана Ысык-Ата райондук милициясынын криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 2000-жылы туулган Ж.А. жана 2001-жылы туулган А.А. аттуулар кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.