
Нарын шаарында "Эрежени сактаймын, жолдон шашып баспаймын" аталыштагы иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 14-декабрында Нарын шаарындагы Матен Садыков атындагы орто мектебинде Нарын ОИИБнин аталган мектепке бекитилген кызматкерлери мектеп администрациясы менен биргеликте "Эрежени сактаймын, жолдон шашып баспаймын" аталыштагы кароо сынак өткөрүлдү.
Кароо сынакка 1-4-класска чейинки окуучулардын жол эрежелери чагылдырылган дубал гезиттери көрсөтүлүп, атайын жол эрежелерине байланышкан эрежелер айтылып, окуучулар тарабынан музыканын коштоосунда жол коопсуздугу боюнча роликтер көрсөтүлүп, баштапкы класстын окуучуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Иш-чаранын жыйынтыгында "Мыкты дубал гезити" номинациясынын жеңүүчүлөрүнө Нарын ОИИБнин начальниги милициянын полковниги Алмазбек Жумабековдун "Ыраазычылык каттары" жана кароо сынакты уюштурган кызматкерлердин атынан активдүү катышкан окуучуларга баалуу белектерди тапшырышты.