БШК Акбөкөн Таштанбековду депутат кылып каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 14-декабрындагы жыйналышында бир мандаттуу үч шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын аныктады. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бир мандаттуу дагы 2 шайлоо округунда шайлоо болуп өттү деп таанылды.

Тиешелүү округдардын аймактарында добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу округдук шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде төмөнкү талапкерлер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаттары деп таанылды:

- № 21 Талас бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Чойбеков Бактыбек Каныбекович;

- № 30 Ысык-Ата бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Таштанбеков Акбокон Дукенович.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү "Баарына каршы" позициясы үчүн берилген добуштардын саны кыйла көп добуш алган талапкерге берилген добуштардын санынан көп болуп калгандыктан № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо болуп өткөн жок деп таанышты.

ОШКларда округдар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууда жана БШКда шайлоо натыйжаларын аныктоодо түшкөн арыздарды жана даттанууларды карап чыкты жана алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдерди кабыл алды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД