
Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Буденовка айылындагы орто мектептин окуучуларынын музейге экскурсия уюштурушту. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыгына ылайык, 2021-жылдын 14-декабрында Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнүн жаш өсүрүмдөр менен иштөө инспекцисынын кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Буденовка айылындагы орто мектептин окуучулары үчүн этникалык
комплексине Кыргыз элинин миниатюраларынын жана маданиятынын интерактивдүү музейине экскурсияга алып барышты.
Музейге мектептин окуучулары, Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнүн жаш өсурүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери, анын ичинде ата-энелер жана мектеп жетекчилигинин коштоосунда барышты.
Иш-чаранын максаты - салттуу коомдун баалуулуктарын, үй-бүлө идеалдарын, сергек жашоо образын, Ата-Мекенди сүйүүнү жана элге кызмат кылууну жайылтуу.