Акылбек Жапаров Дубай полициясынын "Акылдуу шаар" борбору менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмиратына жумушчу сапарынын алкагында Дубай шаарынын полициясынын "Smart City" "Акылдуу шаар" борборуна барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Акылбек Жапаров борбордун ишмердүүлүгү жана инновациялык башкаруу системасы менен таанышты.

Министрлер Кабинетинин башчысы "Smart City" борборунун алдыңкы тажрыйбасын изилдөөнүн маанилүүлүгүн белгилеп, коомдук тартипти жана жарандардын, ошондой эле өлкөгө келген туристтердин коопсуздугун камсыздоонун артыкчылыгын белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД