
15-декабрда Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу №115 "Наристе" бала бакча-бала бакчасынын кезектеги жаңы филиалынын салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ачылыш аземге КР саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, анын орун басарлары жана бала бакчанын жетекчилиги катышты.
7-кичи райондо жайгашкан "Наристе" бала бакчасынын жаңы филиалы КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрүнүн жана бала бакчанын жетекчилигинин колдоосу менен пайдаланууга берилди. 250 орунга ылайыкталган бала бакчада даярдоочу, жогорку, орто жана кенже тайпалар балдарды кабыл алат. Ар бир баланын тамактануусуна 112 сомдон бөлүнөт.
Министр "Наристе" бала бакчасы санитардык-эпидемиологиялык талапка толук жооп берерин айтты.
"Балдар биздин келечегибиз. Биздин бүгүнкү аракеттерибиз алардын келечегинин пайдубалы. Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу "Наристе" бала бакчасынын дагы бир 250 оунга ылайыкташкан филиалынын ачылышы биздин медицина кызматкерлерине балдарын айлап күтпөстөн бала бакчага жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн берет. Жаңы бала бакча балдардын экинчи үйү болуп, ал жерде жылуу жана ыңгайлуу болот деп ишенем", - деди министр Алымкадыр Бейшеналиев.
Эскерте кетсек, 3-декабрда Шакиров көчөсү, 4 дареги боюнча да №115 "Наристе" бала бакчасынын филиалы ачылган.