Түркияда өткөн мелдеште кыз-келиндер курама командасы 4 медаль жеңди

Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын жаштар курама командасынын мүчөлөрү 28-30-май күндөрү Стамбул шаарында (Түркия) өткөн "Champions 2021" XXIII эл аралык мелдешинде 4 медаль (2 күмүш, 2 коло) жеңишти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Калмира Билимбекова (57 кг) жана Сезим Жуманазарова (59 кг) күмүш медаль тагынышты. Ал эми Айжан Сабырбек кызы (53 кг) жана Нуридин кызы Бермет (57 кг) мелдеште 3-орунду ээлешти.

Белгилей кетсек, курама команданын мүчөлөрү мелдешке катышуу үчүн 27-майдан 31-майга Стамбул шаарына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан жөнөтүлгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД