Укук коргоочу Аскар Акаевди жарандыгынан ажыратууну талап кылууда

Белгилүү укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Аскар Акаевди Орусиянын жарандыгынан ажыратууну талап кылып, Орусиянын элчилигинин алдына митингге чыкты.

"Өзү анык кылмышкер, качкын экенин билип туруп эле шагы сынган элдин кыжырына ого бетер тийип, кийинки учурда тез-тез "гастролго" келчү А.Акаев Россиянын жарандыгынан ажыратылсын. Бул качкын мурдагы президент боюнча болуучу соттук ишти ырааттуу алып барууга шарт түзмөк. Учурдагы бийлик болсо, анын айланасындагы шоуну токтотуп, тезинен камакка алуусун талап кылабыз", - дейт укук коргоочу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД