
Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу Токмок шаарында жайгашкан 9 кабаттуу курулуп бүтпөй турган имараттан эки
эркек киши секирүүгө аракет кылган деген маалымат жарыяланган чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2021-жылдын 14-декабрь күнү Токмок ШИИБнүн нөөмөт бөлүмүнө 112 кызматынан Токмок шаарындагы курулушу бөтө элек 9 кабат үйдө эки эркек бала жүргөндүгү тууралуу билдирүү түшкөн.
Аталган маалымат Токмок ШИИБнүн маалыматтарды каттоо китебине катталып, текшерүү иши жүрүп баштаган. Айтылган дарекке дароо Токмок ШИИБнүн ыкчам тергөө тобу чыгышып, териштирүү иштерин жүргүзүшкөн. Имаратка чыгышкандардын өздүктөрү аныкталып, алар, 24-жаштагы К.С. жана А.А. аттуулар болушкан.
Териштирүү учурунда алар 14-декабрь күнү болжол менен саат 17:00 чамаларында Токмок шаарындагы бүтө элек 9 кабаттуу үйдүн үстүндө сүрөткө түшүү максатында чыгышканын билдиришкен. Кийин кызматкерлердин ал жерге келип жатышканын көрүшүп, түшүшкөнүн айтышкан. Жогорудагы жарандар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Белгилеп кетүүчү жагдай, Ар дайым милиция кызматкерлери тарабынан ар түрдүү кырсыктарды алдын алуу максатында курулушу бүтө элек жана кароосуз калган имараттарда текшерүү жана алдын ала иштерин жүргүзүшүп турушат.