Улуттук олимпиада комитетине башкы катчы шайланды

Кылычбек Сарбагишев Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы болуп шайланды. Бул тууралуу Улуттук олимпиада комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Кылычбек Сарбагишев 43 жашта, эки жогорку билими бар: эл аралык мамилелер боюнча жана юриспруденция.

Мындан сырткары, волейбол боюнча Кыргызстандын спорт чебери (1997-жыл), өлкөнүн мыкты волейболчусу (2009-жыл).

Эскерте кетсек, Бишкекте 10-декабрда Улуттук олимпиада комитетинин президентин шайлоо өтүп, Садыр Маматов жеңген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД