ЖТРдин мурдагы директору Куттумидин Базаркулов камалды

Жалал-Абад облустук телерадиоканалынын (ЖТР) мурдагы жетекчиси Куттумидин Базаркулов кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу анын жакындары билдирди.

Маалыматка караганда, Куттумидин Базаркулов "Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен айыпталып жатат.

УКМКнын кызматкерлери Куттумидин Базаркуловду 27-ноябрда таңкы саат 5терде Жалал-Абаддагы үйүнөн кармап кетишкен. 28-ноябрда Жалал-Абад шаардык соту аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Куттумидин Базаркулов - директор фонда "Дербиш" фондунун директору, "Адам" журналынын башкы редактору.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД