Борбор калаанын 2 мектеби карантинге жабылды

Бишкек шаарындагы № 62 мектеп-гимназия карантинге жабылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, № 62 мектептин бардык окуучулары 15-декабрдан 24-декабрга чейин онлайн окушат.

Буга чейин № 56 мектептин 5-11-класстарынын окуучулары 14-декабрдан 20-декабрга чейин карантинге жөнөтүлгөнү маалымдалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД