
Саясий партиялардын өкүлдөрүнөн, көз карандысыз IT-адистеринен, КР БШК мүчөлөрүнөн жана адистеринен түзүлгөн АЭУ маалыматтарын көз карандысыз түрдө текшерүү боюнча жумушчу топ 28-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары жөнүндө АЭУ маалыматтарынын кошумча кыска таблицасын көрсөтүүдөгү механикалык катанын себептерин карады. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Кеңешмеге төмөнкүлөр катышты:
• А.Гуринов, программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүнү иштеп чыгуучуларынын Кыргыз Ассоциациясынын (КАРПОУ) төрагасы, көз карандысыз IT-эксперт,
• Т.Токтогазиев, "Ата-Мекен" СП өкүлү,
• А.Козубаев, Г.Кожокулова, "Бүтүн Кыргызстан" СП өкүлдөрү,
• А.Айдарбеков, "Альянс" СП өкүлү,
• Д. Нурманбетов, "Ынтымак" СП өкүлү, IT-адис,
• Алтынбек уулу К., "Азаттык"" СП өкүлү,
• А. Курманбаев, "Кыргызстан Жашылдар Партиясы" СП өкүлү,
• Б. Жаныбаев, "Социал-демократтар" СП өкүлү, IT-адис,
• А. Дыйканбаев, "ОРДО" СП өкүлү, IT-адис,
• Сагынбек уулу К., "ОРДО" СП өкүлү,
• Т.Арыков, "Таза Шайлоо" КФ өкүлү.
КР БШК тараптан КР БШК мүчөсү, МШТны жана АЭУну программалык камсыздоону өркүндөтүү боюнча жумушчу тобунун жетекчиси М.Наспеков, Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлери катышты.
Кеңешменин катышуучуларына newess.shailoo.gov.kg веб-ресурсунан алынган маалыматтардын негизинде добуш берүүнүн алдын ала маалыматтарынын көрсөтүлүшүн визуалдаштырууда колдонулуучу туура скрипт (программа) менен тесттик веб-сайт көрсөтүлдү. Андан кийин кыска алдын ала маалыматтардын көрсөтүлүшүн визуалдаштыруу боюнча туура жана туура эмес скрипттер салыштырылып көрсөтүлдү. Скриптин датасы жана өзгөрүүсү боюнча скрипттин алгоритми формула түрүндө көрсөтүлдү, анда добуш берүүнүн ката жана туура маалыматтары көрүндү.
IT-адистер ката көрсөтүүнүн туура эмес скриптинен улам келип чыккандыгын ырасташты, ал эми добуштардын саны жана алардын пайызы автоматтык эсептөөчү урналардан (АЭУ) алынган маалыматтар менен дал келүүдө.
Тышкы кыска таблицадагы катанын көрсөтүлүшүндөгү ката БШКнын МШТ серверине түшүп жаткан АЭУдан алынган алдын ала маалыматтардын жыйындысына таасир эткен эмес.
КР БШК ар бир участок боюнча жыйынтык маалыматтар, ошондой эле шайлоочулардын саны боюнча маалыматтар 2016-жылдан тартып жүктөп алуу мүмкүнчүлүгү менен БШКнын расмий сайтынын "Ачык маалыматтар" бөлүгүндө жарыяланып келатканы тууралуу маалымат берди.
Кеңешменин катышуучулары кийинки шайлоолордун алкагында АЭУну тесттен өткөрүүгө шайлоо процессинин ар түрдүү катышуучуларын чакырып турууну, ошондой эле шайлоодо колдоордун алдында АЭУну тесттен өткөрүү боюнча Колдонмо/Окуу куралын түзүүнү сунушташты.
Кеңешменин Протоколуна саясий партиялардын өкүлдөрү, IT-адистери кол коюшту.